Чачырап кетиптир... Чүйдө кырсыкка кабылган унаанын үрөй учурган сүрөттөрү

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуПоследствия ДТП авто Volkswagen Passat при въезде в Чуйской области
Последствия ДТП авто Volkswagen Passat при въезде в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжолдуу маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы кырсыктын себептери такталып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Ал эми Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа талкаланып калган.

Кырсык жума күнү күндүз болгон. Анын сүрөттөрү "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүктөлдү. Кадрда автокөлүк жолдон чыгып, кыйылган бактын жанында жатканын көрүүгө болот. Айланасына унаанын бөлүктөрү чачырап кеткен.

Окуяга күбө болгон адамдын айтымында, жол кырсыгы Орловка шаарынан чыгып баратканда болгон. Ал каза болгондор бар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын билдиргени боюнча, кырсыктан эки адам жабыркаган, каза болгондор жок. Каргашанын себептери такталууда. Божомол боюнча айдоочу рулду башкара албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0