Бишкек — Ош жолунда үч автоунаа кагышып, 9 киши жабыркады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан жабыркагандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүнө, үч киши хирургияга жана бир аял төрөт бөлүмүнө жаткырылды.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда үч унаа кагышып, тогуз киши жабыркаганын Жалал-Абаддын Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Последствия ДТП авто Volkswagen Passat при въезде в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Чачырап кетиптир... Чүйдө кырсыкка кабылган унаанын үрөй учурган сүрөттөрү
Кырсык 30-октябрь күнү саат 23:00дөр чамасында болгон. Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 374-чакырымында бараткан Mazda 626 үлгүсүндөгү автокөлүктүн айдоочусу рулун башкара албай каршы тилкеге чыгып, борбор калаага бара жаткан Honda Stepwagon менен кагылышкан. Ал Ош шаарына келе жаткан Honda Odyssey автокөлүгүн сүзүп барып токтогон.

Натыйжада Mazda 626 унаасындагы эки бала Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми Honda Stepwagon машинасындагы үч киши аталган оорукананын хирургия бөлүмүндө, бир киши жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылды. Honda Odyssey автоунаасындагы эки адам жандандыруу бөлүмүнө, бир аял медициналык жайдын төрөтканасына жеткирилген.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0