Бишкектин чок ортосунда 4 автоунаа кагышты. Кырсыктын сүрөтү

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, окуя 2-ноябрда саат 22.40 чамасында Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын чок ортосунда төрт автоунаа кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, окуя 2-ноябрда саат 22.40 чамасында Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон. Кырсыктан жаракат алгандар бар.
Ошондой эле күбө айдоочулардын бирөөсү мас болушу мүмкүндүгүн айтты.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү жол кырсыгын тастыктады. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн инспекторлор чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0