Мас болуп аялы менен балдарын тирүүлөй өрттөп... Октябрдагы соттук чечимдер

© Sputnik / Дэн Леви / Медиабанкка өтүүӨрт өчүргүч. Архив
Өрт өчүргүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узап кеткен ай өлкө аймагындагы соттор үчүн оор айлардын бири болду. Фемида өкүлдөрү ондогон кылмыш иштерин карап өкүм чыгарды.

Арасында ажырашып кеткен келинчегин бычактаган эркек, айылдашын балталап өлтүргөн зөөкүр жана сүйгөн кызынын үйүнө мылтык көтөрүп барган жаш жигиттин окуясы да бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги октябрь айында чыккан айрым соттук чечимдерди сунуштайт.

Өз үйүн өрттөгөн ата

Нарушивший закон мужчина в наручниках - Sputnik Кыргызстан
Аэропортто киши өлтүрүп, сөөгүн багажникке салып кетти делгендер кармалды
Кылмышка шектүү эркек аялы менен уруша кетип тогуз жаштагы кызын, жети жаштагы уулун жана келинчегин үйгө камап күйүүчү май чачып өрт коюп жиберген. Үй ичиндеги үчөө эптеп эшикти ачып качып чыгууга үлгүргөн. Кырсык болгон күнү жубайлардын турак жайы толугу менен күйүп кеткен. Сот отурумунда айыпталуучу уруш маалында ачууга алдырып жибергендигин айткан. Балдары менен өрттөнүп кете жаздаган аялы жолдошу үйгө мас болуп келип, аны сабап, үйгө атайылап өрт койгонун кабарлаган. Фемида өкүлдөрү эки баланын атасын төрт жылга эркинен ажыратып, 400 миң сомдой айып салды.

Зөөкүр күйөө

Баткендик 35 жаштагы киши ажырашып кеткен аялын базардагы ашканага чакырып, тамактанып жаткан маалда чайнек менен башка чаап, өзү ала келген бычак менен сегиз жолу сайып жиберген. Коомдук жайда мындай окуяга күбө болгон эки тургун адам өмүрүнө кол салган эркекти токтотууга аракет кылган. Укук коргоо кызматкерлери шектүү мындай жолго ортодогу эки баласын талашып соттошуп жүргөндүгүнөн баргандыгын аныктаган. Эми ал 11 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрмөй болду.

Айылдаш чоң муштум

Айыпталуучу айылдашы менен арак ичип түндө үйгө келе жатып мушташа кеткен. Андан соң унаадагы балтаны алып чыгып, стакандашын бир нече жолу чаап ийгени айтылат. Окуя болгон жерге медицина кызматкерлери келген, бирок мыкаачылык менен сабалган эркекти аман алып кала алышкан эмес. Чоң муштум 14 жылга кесилди.

Куралчан күйөө бала

Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Уул-кызын муунтуп өлтүргөн аракеч келин. 90-жылдардагы кылмыштар
Сүйгөн кызына жолугушууга жөнөгөн 27 жаштагы жигит колуна мылтык көтөрө барып, бийкеч чыкпай койсо куралы менен үйгө кирип барган. Ошол маалда кыздын атасы баланын колунан мылтыкты алууга аракет кылып, ок асманга атылып үйдүн шыбына тийген. Соттолуучу ок атуучу куралды талаадагы карышкырлардан коргонуу үчүн гана көтөрүп жүргөнүн айткан. Эми "күйөө бала" үй ээсине 400 миң сом төлөмөр болду.

Кызганчаак сулуу

Сот жоопкерчилигине тартылган 23 жаштагы кыз кылмыш болгон түнү тааныштарына жолугуп, эс алып жүргөн. Бийкеч өзүнүн жигити менен сүйлөшүп отурса, бир сулуу келин баланын кулагына бир нерселерди шыбырай баштаган. Мындайга чыдай албаган кыз "атаандашына" кол салып, бети-башын көгала кылган. Териштирүү маалында кыз кылганын толук мойнуна алып, жасаганына өкүнүп жаткандыгын билдирген. Кызганчаак сулуу 40 миң сом айыпка жыгылды.

Аялын атып....

Открытие охотничьего сехона во Франции - Sputnik Кыргызстан
Лейлекте 25 жаштагы жигитти өз үйүнөн желкеге атып кетишти
Каргаша болгон күнү соттолуучу үйүнө досторун чыкырып арак ичип майрамдаган. Коноктор эс алып отурганда үй ээси бөлмөсүнө кирсе кичинекей балдар ок атуучу куралы менен ойноп жатканын көрүп калган. Ал мылтыкты айландырып жатып атып алган. Ок жуунучу бөлмөнүн эшигинен өтүп, ал жактагы үй кожойкесинин төшүнө тийген. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучу аман калган. Ал эми курал менен ойногон эркек шарттуу эркинен ажыратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0