Бир кишини ур-тепкиге алган делип эки милиционер шектелүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 1-ноябрга караган түнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Токмок шаарына жакын жердеги кафелердин биринин жанында болгон. Эки бейтааныш адам Кеминдин 28 жаштагы тургунун ур-тепкиге алышкан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Милициянын эки кызматкери жаранды сабап койгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 1-ноябрга караган түнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Токмок шаарына жакын жердеги кафелердин биринин жанында болгон. Эки бейтааныш адам Кеминдин 28 жаштагы тургунун ур-тепкиге алышкан.

Ал милицияга арыз жазып, факты Жазыктар кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

"Укук коргоочулар шектүүлөрдүн ким экенин аныктаган. Алардын бири Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайынын 45 жана 29 жаштагы кызматкерлери болуп чыкты. Учурда Чүй РИИБи ишти андан ары тергөө үчүн прокуратура менен УКМКга өткөрүп бергени жатат. Мындан тышкары, ички иликтөө кызматы иштөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 1-ноябрь күнү Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы белгиленет. Бул жылы Кыргызстандын ички иштер органдарына 95 жыл болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0