Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде тез жардам автоунаасы менен Mercedes жана Suzuki үлгүсүндөгү эки жеңил машина кагышты

Бишкекте тез жардам унаасы менен эки машина кагышты. Жабыркагандар бар. Сүрөт

280
(жаңыланган 21:05 04.11.2019)
Медициналык тез жардам борборунан кабарлашкандай, жол кырсыгынан бир киши менен эки бала жабыркаган. Алардын бирөөнүн абалы оор.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде тез жардам автоунаасы менен Mercedes жана Suzuki үлгүсүндөгү эки жеңил машина кагышты.

Күбөлөр кырсыктын видеосун "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына жөнөтүштү.

  • В Бишкеке на пересечении улиц Московской и Турусбекова столкнулись карета скорой медицинской помощи и два автомобиля марок Mercedes и Suzuki
    Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде тез жардам автоунаасы менен Mercedes жана Suzuki үлгүсүндөгү эки жеңил машина кагышты.
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу

1 / 2
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде тез жардам автоунаасы менен Mercedes жана Suzuki үлгүсүндөгү эки жеңил машина кагышты.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы саат 18:00дөр чамасында Москва менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милициянын алдын ала берген маалыматына ылайык, эки киши жаракат алып, бир нечесин тез жардам кызматы алып кеткен.

Медициналык тез жардам борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисовдун айтымында, жабыркагандардын арасында бир киши жана эки бала бар. Өспүрүмдөрдүн биринин абалы оор.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.

280
Белгилер:
жол кырсыгы, милиция, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (235)
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда 4 автоунаа кагышты. Кырсыктын сүрөтү
Бишкекте тез жардам унаасы жеңил машина менен кагышты. Видео