Бишкектин Орто-Сай айылында турак жай өрттөнүп кетти. Видео

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүӨрт. Архив
Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке турак жай күйүп жатканы туурасында саат 20.14тө ӨКМге маалымат түшүп, үч өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткен.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкектин Орто-Сай айылында жеке үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

ӨКМге аталган айылдын Рысмендиев көчөсүндө жайгашкан турак жай күйүп жатканы туурасында саат 20.14тө маалымат түшүп, үч өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткен. Саат 21.40та өрт чектөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0