Бишкек: экстремисттик уюмдун "амири" болгон чет элдик жаран кармалды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган Ш.Т. коңшу мамлекеттердин биринде "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун "амири", коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп келген.

Погранзастава Западная в акватории Калининградского залива - Sputnik Кыргызстан
Сириядан келип теракт жасамак болгон делип 24 жаштагы жаран кармалды
Кармалган Ш.Т. коңшу мамлекеттердин биринде "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Ал жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасаган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 359, 39 жана 358-беренелеринин негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми УКМК тергөө органдары тарабынан кармалган адамга карата сотко чейинки өндүрүш башталган. Кармалган адам Бишкек шаарынын №1 Тергөө камак жайында кармалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0