ТЭЦтин жанынан кыздын сөөгү табылды. Таанууга жардам керек

Жазылуу
Кыз болжол менен 20-25 жашта. Аны 3-ноябрь күнү эртең менен табышкан. Милиция маркум тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабарлап коюуну суранат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. 3-ноябрь күнү эртең менен ТЭЦтин аймагындагы насос станциясынан азиат тектүү кыздын сөөгү табылганын Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыз болжол менен 20-25 жашта болгон. Денесинен зомбулуктун белгилери табылган эмес.

Белгилери: бою болжол менен 165 сантиметр, арык чырай, чачы кара жана узун, бети тоголок. Ал I love Moscow деген жазуусу бар көк түстөгү футболка, Sports деп жазылган кызыл сызыгы бар кара чолок шым, кызгылт көк түстөгү ич кийим, 36-38 өлчөмдөгү ак кроссовка кийип алган.

"Үстүңкү жаагынын оң жак бөлүгүндөгү тиштери туура эмес өскөн, сол бутунда кызыл жиптери бар билериги болгон, анда кишинин алаканы жана бак тартылган", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт: 0553102387, 0703222622, 0702498888, 0772847336 жана 102.

"Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы аталган станция ТЭЦке жакыныраак экендигин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0