Балтанын сабы менен чаап койгом... Кеминде аялын өлтүргөн эркек соттолду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБалта. Архив
Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук-медициналык экспертизада каза болгон келиндин беш кабыргасы сынып, бети-башы, колу-буту көгала болгондугу аныкталган.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кеминде аялын мыкаачылык менен өлтүргөн эркек 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланды.

Чыгарылган өкүмгө ылайык, кылмыш болгон күнү айыпталуучу келинчеги жана эки кайниси менен арак ичип, ал түнү чогуу майрамдашкан. Коноктор кеткенден кийин жубайлар уруша кетип, эркек келинчегин балтанын сабы менен сабап, муунтуп өлтүргөн.

Тергөө учурунда шектүү окуянын чоо-жайын айтып берген.

"Түндө ойгонсом жубайым жерде жатыптыр. Ачуум келип аны ордуна жаткызып, дивандын артында жаткан балтанын жыгач сабы менен чаап койгом. Эртең менен кызым ыйлап ойгонуп, ага сүт берип карагам. Аялым ойгонбой уктап жата берген. Жанына барып төшөктү ачсам бети көгала болуп, денеси муздап калыптыр, — деген соттолуучу.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен каза болгон келиндин беш кабыргасы сынып, бети-башы, колу-буту көгала болгондугу аныкталган.

Фемида өкүлдөрү эркекти 13 жылга эркинен ажыратты. Жубайлар 1,5 жаштагы кызды тарбиялап келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0