Ала-Тоо аянтынын жанындагы тез татым жарылып, учурда өрттөнүп жатат

"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татым жарылып, учурда өрттөнүп жатат. Сүрөт, видео.

518
(жаңыланган 17:38 08.11.2019)
Катуу үн 13.40тар чамасында угулуп, андагы кишилер качып чыгышкан. Аталган жерге чакыруу болгонун Тез жардам кызматынан тастыкташты.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татымда жарылуу болду. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Тагыраагы, бул - Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жай.

Маалыматка караганда,  катуу үн 13.40тар чамасында угулуп, андагы кишилер качып чыгышкан.

Аталган жерге чакыруу болгонун Тез жардам кызматынан тастыкташты.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Өрт өчүрүү кызматына 13.42де чакыруу түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчү эки унаа кеткен.

 

518
Белгилер:
жарылуу, Өрт, "Ала-Тоо" аянты, Бишкек
Тема:
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (24)
Тема боюнча
Бишкекте өрттөнгөн жеңил унаага өрт өчүрүүчүлөр жетпей калды. Видео