В центре Бишкека на пересечении проспектов Чуй и Эркиндик произошли три взрыва на месте пожара — горит точка фастфуда Антошка на пересечении проспекта Эркиндик и улицы Киевской

Бишкектин чок ортосундагы жарылууда 12 киши жабыркады

7606
(жаңыланган 16:24 08.11.2019)
Жарылуу бүгүн, 8-ноябрда, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде саат 13:40тар  чамасында болгон. Алгач катуу үн угулуп, андагы кишилер качып чыгышкан.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татымда болгон жарылууда эки кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тез жардам кызматынан билдиришти.

 Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметовдун айтымында, жабыркагандардын саны 12ге жетти.
"Жалпы жабыркагандардын саны 10-12 адам болду. Азыр так санын айтуу кыйын. Анткени айрымдарды ооруканага өз алдынча алып кеткендер болуп жатат. Негизинен көпчүлүгү күйгөндөр жана катуу коркуп калгандар", — деди Шаяхметов.

Башкы дарыгер жабыркагандардын үчөө №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жиберилди деп кошумчалады.

Жарылуу бүгүн, 8-ноябрда, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишинде саат 13:40тар чамасында болгон. Алгач катуу үн угулуп, андагы кишилер качып чыгышкан.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, өрт өчүрүү кызматына 13.42де чакыруу түшкөн. Жеринде өрт өчүрүүчү үч унаа иштеп жатат.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

 

7606
Белгилер:
тез татым, жарылуу, Бишкек
Тема:
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (23)
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунда тез татым жарылды. Азыр эмне болуп жатат? Сүрөт, видео
"Ала-Тоо" аянтынын жанындагы тез татым жарылып, учурда өрттөнүп жатат. Сүрөт, видео.