Милиция: тез татымда эки газ баллон жарылган

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүӨрт. Архив
Өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы тез татымда эки газ баллон жарылган. Бул тууралуу алдын ала маалыматтарга таянып, Бишкек шаардык милициядан кабарлашты. 

Эске салсак, Бишкектин чок ортосунда, тагыраагы, Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыктан жабыркагандардын саны 12ге жеткенин, жеринде тез татымдын бир кызматкери каза болгонун айтышкан.

Билдирүүгө караганда, эки жарылуунун ортосунда 10 мүнөттөй аралык болгон.

"Саат 13.45тер чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери "Ала-Тоо" кинотеатрынын аймагында нөөмөттө жүрүшкөн. Алар жарылуу болору менен ыкчам иштеп, коопсуздук чараларын көрүштү. Жарылуу болгон имараттан жана анын экинчи кабатындагы ресторандан кишилерди алып чыгып, аймакты курчоого алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Жеринде Биринчи май райондук милициянын ыкчам иликтөө тобу иштеп жатат.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0