Бишкек: тез татымдагы жарылуудан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте пожара в фастфуде "Антошка" в центре Бишкека на пересечении проспектов Чуй и Эркиндик
Сотрудники МЧС на месте пожара в фастфуде Антошка в центре Бишкека на пересечении проспектов Чуй и Эркиндик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 13.42де өрт өчүрүүчүлөр келип, 14.08де  тилсиз жоонун мизин кайтарган.  Жеринде  өрт өчүрүүчү үч бригада иштеди.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез татым жайынан чыккан өрт 15.21де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, бүгүн, 8-ноябрда, "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себепкер болгон.

"Саат 13.42де жерине өрт өчүрүүчүлөр келип, 14.08де  тилсиз жоонун мизин кайтарган. Саат  15.21де өрт толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0