Милиция: тез татымдагы жарылууда көз жумган кыз 21 жашта болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин чок ортосундагы жарылуу
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин окуяга күбө болгондордун бири жеринде иштеген милициянын сөзүнө таянып, каза болгон кыз ал жерде пол жуугуч болуп иштегенин айткан.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Чүй проспектиси менен Эркиндик  бульварынын кесилишинде жайгашкан тез татымдагы жарылууда каза болгон кыздын ким экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Кырсык болгон жерде тез татымдын бир кызматкери каза болгон. Ал 1998-жылы туулган С.А. аттуу жаран болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Атам өрттү көздөй чуркады. Окуянын күбөлөрү Бишкектеги жарылуу жөнүндө айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Атам өрттү көздөй чуркады. Окуянын күбөлөрү Бишкектеги жарылуу жөнүндө айтып берди
Буга чейин окуяга күбө болгондордун бири жеринде иштеген милициянын сөзүнө таянып, каза болгон кыз ал жерде пол жуугуч болуп иштегенин айткан. Өрт чыккан маалда муздаткыч тарапка кирип чыгууга жетишпей калган.

Эске салсак, 8-ноябрда "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, бир кызматкер көз жумган. Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Тилсиз жоо 15.21де толугу менен өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0