Комузчу. Архивдик сүрөт

Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой жол кырсыгынан каза болду

3314
(жаңыланган 11:30 11.11.2019)
Акын келинчеги жана достору менен Бишкектен Кочкор районуна бара жаткан жолдо кырсыкка кабылган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул маалыматты акындын жакындары тастыктады.

Санаалаштарынын айтымында, Акжолтой Канат уулу келинчеги жана достору менен Бишкектен Кочкор районуна бара жатып бүгүн, 11-ноябрда, таңда кырсыкка кабылган.

Акжолтой Канат уулу 26 жашта. Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын кичүү уулу. Ал да акындык өнөрдү аркалап, бир топ айтыштарга катышып келген.

3314
Белгилер:
кырсык, төкмө акын, акын
Тема боюнча
Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева каза болду