Кыргызстандыктар өлтүрдү деген Саймаити эл аралык издөөдө болчу

Жазылуу
Бизнесмен 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбулда өлтүрүлгөн. Буга чейин Финпол анын акчасы боюнча айтылгандарды текшерген. Буга Матраимовдордун үй-бүлөсү ири суммадагы акчаны алып чыгып кетти деген маалымат себеп болгон.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында Айэркен Саймаитиге сентябрь айында эл аралык издөө жарыялангандыгын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

Анын ысымын Финполдун сайтындагы "Издөө" бөлүмүнөн тапса болот. 

"Сотко чейинки иштерде Айэркен Саймаитинин Кытайда туулганы жана сентябрь айында эл аралык издөөгө алынганы маалым болгон", — деп билдиришкен аталган мекемеден.

Анткен менен башка маалыматтар иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн элге жарыяланбай турганы айтылды.

Белгилей кетсек, ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Здание Министерства иностранных дел КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Саймаитинин өлүмү: Түркияда кармалгандардын жарандыгын ТИМ текшерип жатат
Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган жол тандабас Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоковго таандык экенин ырастап, ал президенттин Жарлыгы менен кызматтан алынган.

Түркиялык ЖМКлардын жазганына караганда, аны өлтүрдү деген шектүүлөр Адана аймагынан Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган маалда колго түшкөн. Өлтүрдү деп шектелген кыргызстандыктардын аты-жөнү Хусейин Ахматалиев жана Абдуллах Энвер деген маалыматтар тарады. Шектүү катары кармалган дагы бир киши Али Исбехтин сириялык экени кабарланды.

Сурак учурунда Айэркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Айэркен Саймаитинин аты Кыргызстандын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын текшерүүсүндө аталган. Финсы полициясы "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакуновдун Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланышы бар компаниялар аркылуу ири суммадагы акчалардын өлкөдөн чыгарылып кетиши жөнүндө журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды иликтеген. Анда Saimaiti Aierken (Айэркен Саймаити) аттуу жеке ишкердин, "Абдыраз" ЖЧКсы жана Wufuli Bumailiyamu (Вуфули Бумаилиамуну) деген ишкердин 11 банктагы каражатынын которулушу текшерилген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0