ТИМ: Саймаитини өлтүрдү делгендердин жанында КР паспорту жок болчу

© AFP / Andreas Arnold / POOL Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе
Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-ноябрь күнү Түркияда ишкерге белгисиз адамдар ок атышкан. Ал дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Түркияда Айэркен Саймаитини өлтүрдү деп шектүү катары кармалган үч кишинин экөө алгачкы тергөө учурунда оозеки түрдө Кыргызстандын жараны экенин айтышкан. Бирок алардын жанында эч кандай документ болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Мындай маалыматты Түркиянын укук коргоо органдары Башкы консулдукка билдирген.

"Учурда бул маалымат такталып жатат", — дешти ТИМден.

Белгилей кетсек, ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган жолтандабас Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоковго таандык экенин ырастап, ал президенттин Жарлыгы менен кызматтан алынган.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар өлтүрдү деген Саймаити эл аралык издөөдө болчу
Түркиялык ЖМКлардын жазганына караганда, аны өлтүрдү деген шектүүлөр Адана аймагынан Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган маалда колго түшкөн. Өлтүрдү деп шектелген кыргызстандыктардын аты-жөнү Хусейин Ахматалиев жана Абдуллах Энвер деген маалыматтар тарады. Шектүү катары кармалган дагы бир киши Али Исбехтин сириялык экени кабарланды.

Сурак учурунда Айэркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Айэркен Саймаитинин аты Кыргызстандын экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын текшерүүсүндө аталган. Финсы полициясы "Азаттык" радиосунун журналисти Али Токтакуновдун Матраимовдордун үй-бүлөсүнө байланышы бар компаниялар аркылуу ири суммадагы акчалардын өлкөдөн чыгарылып кетиши жөнүндө журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды иликтеген. Анда Saimaiti Aierken (Айэркен Саймаити) аттуу жеке ишкердин, "Абдыраз" ЖЧКсы жана Wufuli Bumailiyamu (Вуфули Бумаилиамуну) деген ишкердин 11 банктагы каражатынын которулушу текшерилген.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0