ИИМ киши колдуу болгон Саймаити Кыргызстанда эмне кылмыш кылганын айтты

© Фото / Сайт ГКИТС КРМинистр внутренних дел КР Кашкар Джунушалиев
Министр внутренних дел КР Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын жараны делген Саймаити 10-ноябрда Түркияда атып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары үч киши колго түшүрүлүп, экөө кыргызстандык экени айтылууда.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Түркияда киши колдуу болгон ишкер, Кытай жараны Айэркен Саймаити 2017-жылы Кыргызстанда өзүнүн өнөктөшүн 3 миллион 268 миң сомго алдап, бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламентте билдирди.

Анын айтымында, Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Генеральный консул КР в городе Стамбул Эркин Сопоков - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин айдоочусу, кийин консул болгон. Эркин Сопоковдун өмүр баяны
Эскерте кетсек, ишкердин өлүмүнө шектелип, үч киши колго түшүрүлгөн. Анын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык деген маалымат да тараган. Кийинчерээк КРдин Тышкы иштер министрлиги айтылгандардын баары текшерилип жатканын белгилеп, шектүүлөр кармалган маалда жандарында эч кандай документ болбогонун белгилешкен.

Ал эми кылмыш болгон жерден Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылып, дипломат иштен алынган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0