Сокулукта мас айдоочунун айынан киши каза болду

CC BY 2.0 / Erik Starck / Driving a carСлучаи ДТП в КР
Случаи ДТП в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шектүүнү үч сааттын ичинде колго түшүргөн. Ал Сокулук районундагы Биринчи Май айылынын тургуну болуп чыкты.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Сокулукта унаа коюп кеткен киши каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсык. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Төртөө мүрт кеткен. Акжолтой Канат уулу каза тапкан кырсыктын чоо-жайы айтылды
Маалыматка караганда, 13-ноябрь күнү саат 7.00дөр чамасында жеңил унааны мас абалында башкарып бараткан айдоочу 40 жаштагы кишини коюп кеткен. Кырсык Романовка айылында болгон.

Айдоочу жабыркаган кишини ооруканага жеткирген, бирок ал каза таап калганын билгенден кийин качып кеткен.

Дарыгерлер каза болгон киши тууралуу милицияга саат 07:40та кабарлашкан. Үч сааттын ичинде укук коргоочулар 23 жаштагы шектүүнү колго түшүргөн. Ал Сокулук районундагы Биринчи Май айылынын тургуну болуп чыкты. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0