Стамбулдагы экс-башкы консул Сопоковдун ишмердигин УКМК текшерет

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү кирди.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердигин ведомстволор аралык комиссия Түркияга барып текшерет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Здание Министерства иностранных дел КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Саймаитинин өлүмү: Түркияда кармалгандардын жарандыгын ТИМ текшерип жатат
Ага ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын курамына Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү кирди.

Белгилей кетсек, Эркин Сопоковго таандык Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн аймактан алыс эмес жерден табылган. Ал мамлекет башчынын Жарлыгы менен кызматтык эрежелерди бузду деген негиз менен иштен алынган. 

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0