Бишкек милициясы тергеп жаткан 20 кылмыш ишинин документи жоголуп кетти

Жазылуу
Сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратура кылмыш иштеринин документтери жоголуп кеткен фактыны аныктады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы экс-башкы консул Сопоковдун ишмердигин УКМК текшерет
Текшерүү учурунда Бишкек ШИИБдин бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документи жок болуп чыккан.

Башкы прокуратура түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу ачык текшерип жана бул ишке тийиштиги бар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин "Шалаакылык" беренеси менен каттоого алынды.

Сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0