Кыргызстандан Өзбекстанга жүктү мыйзамсыз алып бараткандар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана
Спецрейд по проверке сопроводительных документов грузов, поступающих из Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган кишилер менен жүк Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандан Өзбекстанга күнүмдүк колдонуучу товарларды мыйзамсыз алып бараткандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Казакстандан күйүүчү май агып келген түтүк жок кылынды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан күйүүчү май агып келген түтүк жок кылынды. Видео
Ага ылайык, Айдаркен чек ара отрядынын аскерлери Кыргызстандын 34 жана 29 жаштагы эки жаранын колго түшүргөн. Алар чек арадан Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа менен көзөмөл өткөрүү пункту жок жерден өтүүгө аракет кылган.

Кармалган жарандарды текшере келгенде жүккө берилген уруксат кагазы жок болуп чыккан. Аткезчилик менен алынып келе жаткан жүктүн жалпы баасы 285 000 сомду түздү.

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган кишилер менен жүк Бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0