Үч ай мурда жоголуп кайра табылган өспүрүмдүн кайда жүргөнү айтылды

Жазылуу
Облустук милициядан кабарлашкандай, өспүрүм быйыл август айынын ортосунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп келген.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Чүй облустук милициясы 20-августта үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, кайра 15-ноябрда табылган 16 жаштагы өспүрүм боюнча маалымат берди.

Э. А. уулу Сокулук районундагы Сокулук айылында жашайт.

Милициянын маалыматы боюнча, ал үч ай убакыт аралыгында Чоң-Кеминдеги досунун үйүндө жүргөн.

Өспүрүм учурда ата-энесине берилди.

Ал буга чейин да үйүнөн кетип калып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0