Таласта кыздын сөөгү табылып, үч шектүү колго түштү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по делу участников движения "Новое величие"
Заседание суда по делу участников движения Новое величие - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки шектүү 20 жашта болсо, бирөө 25те. Кыздын сөөгү тоо этегинен табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Талас облусунда адам өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аймактык ИИБден билдиришти.

Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балтанын сабы менен чаап койгом... Кеминде аялын өлтүргөн эркек соттолду
Маалыматка караганда, 14-ноябрь күнү Орто-Арык айылындагы тоо этегинен 26 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүүлөр колго түштү, экөө 20 жашта болсо, бирөө 25те. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүлөр Орто-Арыкта жашашат. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0