Бишкектеги унаа жуучу жайлардын биринен өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт боюнча кайрылуу 17-ноябрь күнү саат 06:00дө түшүп, тилсиз жоо саат 8:32де өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Борбор калаада таң эрте унаа жууган жайдан өрт чыкты. Кырсыкка күбө болгон жарандын видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Күбөнүн айтымында, окуя жекшемби күнү, 17-ноябрда, батыш автобекетинин жанында болгон.

ӨКМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Жибек Жолу проспектиси менен Ростовский көчөсүнүн кесилишиндеги унаа жуучу жайда пайда болгон өрт боюнча кайрылуу 17-ноябрь күнү саат 06:00дө түшкөн.

Тилсиз жоо чыккан жерге эки өрт өчүрүүчү унаа барып, саат 8:32де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0