БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Акын Акжолтой Канатбек уулу менен бир унаада кырсыктап, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 20 жаштагы Ырысбек Алибеков да көз жумду. Маалыматты Кочкор райондук оорукананын башкы дарыгери Турат Жумабеков тастыктады.
Эскерте кетсек, каргаша 11-ноябрга караган түнү болгон. Subaru Impreza үлгүсүндөгү машина Ысык-Көл облусунан Кочкор районун көздөй бара жатып, каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Анын кесепетинен Майра Керим кызынын кичүү уулу Акжолтой, анын келинчеги, алып баруучу Жоомарт Алмазбеков, дагы бир жигит болуп төртөө каза тапкан. Ырысбек Алибеков оор абалда Кочкор райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн."Алибековдун мээсине кан толуп, баш сөөгү сынып кеткен. Абалы өтө эле оор болчу. Операция жасалгандан кийин деле комадан чыккан жок. 16-ноябрда кечинде эсине келбей көз жумду. Соттук-медициналык экспертизадан кийин сөөгү жакындарына берилди", — деди Жумабеков.
Маркум Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын студенти болчу.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Алтын-Ордо конушунун 7-көчөсүндө чыккан өрттү өчүрүүгө саат 13:00дө бир бөлүм тартылса, 13:11де экинчи бөлүм жөнөп кеткен.
Өрттүн себеби белгисиз. Кошумча маалымат берилет.