Ошто аскер кызматкери жанын кыйды. Бир айдын ичиндеги экинчи окуя

Жазылуу
Ошто сержант өз өмүрүнө кол салды. Дал ушундай окуя бир жума мурда Кой-Таш айылындагы аскер бөлүмүнүн жатаканасында болгон. Анда майордун сөөгү табылган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ош облусунда келишим менен кызмат өтөгөн аскер өз жанын кыйды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн жөө аскерлеринин маалымат кызматы билдирди.

О.Т. аттуу сержанттын сөөгү бүгүн, 17-ноябрда, саат 8.00дөр чамасында ата-энесинин үйүнөн табылды.

Кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Ош гарнизонунун аскер прокуратуратурасы сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Ай башынан бери бул аскер кызматкеринин өз өмүрүнө кол салган экинчи учуру. Бир жума мурда Кой-Таш айылындагы аскер бөлүмүнүн жатаканасынан майордун сөөгү табылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0