Чүйдө аялына кол салган бөтөлкөлөшүн өлтүрө сабаган үй ээси кесилип кетти

CC0 / Pavlofox / Насилие в семье
Насилие в семье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чырдын баары арактан чыккан. Дасторкондо ичип отурган эркектер бир маалда урушуп, андан кийин мушташа кетишкен. Кесилген киши 44 жашта.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Айыпталуучу аялына кол салган бөтөлкөлөшүнүн өмүрүнө забын болгон делип тогуз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Өкүмгө ылайык, Чүйдөгү айылдардын биринде 44 жаштагы эркек дүкөнгө арак алганы барып таанышына кезигип калган. Андан соң экөө үйгө келип ичип, мас болуп, кызганычтын айынан уруша кеткен. Мушташкандарга үй ээсинин жубайы арача түшкөн. Мас киши коногун бир нече жолу үбөлүк менен башка чабууга үлгүргөн.

Сот отурумунда шектүү кылганын мойнуна алып, бөтөлкөлөшү аялын зордуктоого аракеттенгенин айткан.

"Ал менин аялым менен жыныстык катнашка баруу аракетин кылган. Кууп чыктым. Үйдөн чыгып баратканда мени муштап жиберди. Экөөбүз жулкулдаша кетип, мен үйдөн качып чыгып кошуна милиционердикине баргам. Ал үйүндө жок болуп чыкты. Кайра кайтып келсем, аялымдын кийимин айрып, бети-башын канжалатып салыптыр. Үйгө үбөлүк көтөрүп киргем, бирок канча жолу чапканымды билбейм", — деп көрсөтмө берген айыпталуучу.

Фемида өкүлдөрү териштирүүдө чогулган материалдарды карап чыгып, аны тогуз жылга эркинен ажыратты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0