Бишкекте жеңил автоунаа кафени барып сүздү. Жабыркагандар бар. Сүрөт

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerДорожно-транспортные происшествия в Кыргызстане
Дорожно-транспортные происшествия в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы аталган даректе жол кырсыгы болгону боюнча билдирүү 102 номерине саат 9:50дө келип түшкөнүн маалымдады.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкекте эки автоунаа кагышып, анын бирөө жайкы кафенин тосмосуна барып урунган. Кырсыктын сүрөтү "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Toyota Ist менен Toyota Prius автоунаалары Токтогул менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде кагышкан.

Милиция жана тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте беш автоунаа кагышты. Кырсыктан кийин тартылган видео
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы аталган даректе жол кырсыгы болгону боюнча билдирүү 102 номерине саат 9:50дө келип түшкөнүн маалымдады. Алдын ала маалымат боюнча, Toyota Ist машинасын айдап бараткан эркек киши Toyota Prius менен кагышып, ал кафенин тосмосуна барып урунган.

Кырсык болгон жерге укук коргоо органдары менен дарыгерлер келип, эки айдоочу тең ооруканага жаткырылган. Автоунаалар айып короого токтотулуп, материалдардын баары тергөө органдарына өткөрүп берилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0