Бишкекте топ балдардын мушташы видеого түшүп калган

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПарень с монтировкой в руке. Архивное фото
Парень с монтировкой в руке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Чыгыш-5 кичирайонунун аймагында болгон. Видеодон онго жакын бала көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында мушташып жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте балдардын тобу менен мушташкан видео тарап жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мушташ 19-ноябрь күнү түнкүсүн Чыгыш-5 кичирайонунун аймагында болгон. Видеодон онго жакын бала көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында мушташып жатканын көрүүгө болот. Кишилер эс-учун билбей жатып калган баланы баш жана көкүрөк жагына тепкилеп жатышканын тартып калган.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы аталган дарек боюнча эч кандай билдирүү болбогонун айтып, социалдык тармакка тараган видео боюнча териштирүү башталганын маалымдады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0