Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу. Архивдик сүрөт

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

238
(жаңыланган 16:07 19.11.2019)
2019-жылдын 24-апрелинде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Алматыда соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ЖАМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Асылбек уулу менен кошо соттолгон эки кыргызстандык да 18-ноябрда алынып келип, үчөө №1 тергөө абагына киргизилген.

Дамирбек Асылбек уулунун иши

2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган. Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 264 ("Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү") жана 234-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылмак.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы "Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

238
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Казакстан
Тема боюнча
Алматыда соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулунун иши кайра каралат
Сот Батукаевдин ишин Атамбаевсиз карамай болду
Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы

Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

142
(жаңыланган 19:43 01.06.2020)
Жол милициясынын берген маалыматы боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя болгон жерден тартып алынган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды. Каза болгондор жок.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка Honda Odyssey, ВАЗ 2107 жана Hyundai автоунаалары кабылган.

  • Последствия ДТП с участием автомобилей марок Honda Odyssey, ВАЗ 2107 и Hyundai в Канте
    Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
    © фото очевидца с ником LSL, отправленное по Telegram-каналу
  • Последствия ДТП с участием автомобилей марок Honda Odyssey, ВАЗ 2107 и Hyundai в Канте
    Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон.
    © фото очевидца с ником LSL, отправленное по Telegram-каналу
1 / 2
© фото очевидца с ником LSL, отправленное по Telegram-каналу
Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кадрдан окуяга күбө болгондор капталына оодарылып калган Honda Odyssey машинасын тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта ЖКККББ кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

142
Белгилер:
окуя, күбө, милиция, Кант, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
Тосмого урунган автоунаа. Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыгынын видеосу
АКШда массалык нааразычылык акциялары

Эми каргалар чыгат. Косачев РФтин АКШдагы ызы-чууга күнөөлөнүшү боюнча үн катты

24
(жаңыланган 18:50 01.06.2020)
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча экс-кеңешчиси Сьюзан Райс учурда болуп жаткан зомбулук акцияларынын артында Россия турушу мүмкүн деген билдирүү тараткан.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШдагы толкундоолорду уюштурууга Россияны күнөөлөө фейктерге негизделген антироссиялык кезектеги кампаниянын бир эле чети болушу мүмкүн. Бул туурасында Федерация кеңешинин эл аралык комитет боюнча төрагасы Константин Косачевдин айтканына таянып РИА Новости жазды.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Сьюзан Райс Кошмо Штаттарда учурда болуп жаткан зомбулук акцияларынын артында Россия турушу мүмкүн деген билдирүү тараткан. Анткен менен Райс колго аларлык жүйө келтире алган эмес. "Башталды. Американын фейк жаңылыктары боюнча машиналары кыйчылдап, демигип, зоругуп, мурда белендеп койгон аракеттери менен чыга калды", — деп жазган Косачев Facebook тармагына.

"Бул өтө эле күлкүлүү нерсе болушу керек эле. Бирок ойлонтот, себеби булар биринчи чабалекейлер болушу мүмкүн. Анын артынан каргалардын жоон тобу пайда болуу ыктымалдуулугун эч ким четке кага албайт", — деген сенатор.

Ал былгыган нерсе Россияда эместигин билдирген.

Парламентарийдин айтканына караганда, расмий Вашингтондун "Американын шаарларында болуп жаткан үрөй учурган окуялар аларды акылына келтиргенине, жабыркагандарга жана дагы жабыркай тургандарга да чын дилинен кейип жаткандыгына" ишенгиси келет.

Буга Косачев "акыл менен ченеп-өлчөп, улуттук трагедияда саясий оюндарды ойногонго жол бербестир" деп кошумчалаган.

Депутат аны менен бирге эле Райс "бул жерде такыр катыштыгы жок Россияны эле эмес, өз элин жана каза болгон Жорж Флойдду да түздөн-түз мазактап жаткандыгын" белгиледи.

Башаламандыктар Миннеаполисте жана башка бир катар шаарларда афроамерикалык Жорж Флойд полиция кызматкеринин колунан каза тапкандан кийин башталды.

Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Бирөөнүн тизеси кармалгандын моюн жагына туш келген. Флойддун дем жетпей бара жатат деп бир нече жолу айтканын угууга болот. Андан кийин тынчып калганы видеого түшүп калган. Афроамерикалык реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылган.

24
Белгилер:
өлүм, саясат, Россия, АКШ
Тема боюнча
ЖМК: АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды