Милиция Бишкектеги массалык мушташтын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймакты текшерүү учурунда кайгуул милициясы токмок жеген 23 жаштагы К.И. аттуу баланы тапкан. Ал ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Социалдык тармакта тараган балдардын массалык мушташынын видеосу чындап эле 19-ноябрда, түн ичинде Чыгыш-5 кичирайонунда болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Улан Жумаков билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта балдардын мушташып жаткан видеосу тараган.

"Чыгыш-5 кичирайонундагы караоке-клубунун жанында тобу менен мушташып жаткан балдар тууралуу билдирүү 102 номерине 19-ноябрда түнкү саат 2:57де түшкөн. Окуя болгон жерге кайгуул милициясы келип, эч кимди тапкан эмес. Бирок ага карабай текшерүү учурунда үйлөрдүн биринен таяк жеген 23 жаштагы К.И. аттуу бала аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Милиция дарыгерлерди чакырып, бала Улуттук госпиталга алып келинген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбашчылык") боюнча каттоого алынган. Учурда укук коргоо органдары мушташтын башка катышуучуларын аныктоо аракеттерин көрүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0