Бишкектеги массалык мушташ: милиция дагы сегиз баланы аныктады

© AFP / FRED DUFOURКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте балдардын тобу менен мушташкан видеосу тараган. Кийин окуянын 19-ноябрга караган түнү Чыгыш-5 кичирайонундагы караоке-клубдун жанында болгону такталган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук милициясы Чыгыш-5 кичирайонундагы мушташка катышкандардын ким экенин аныктады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте балдардын тобу менен мушташкан видеосу тараган.

Кийин окуя 19-ноябрга караган түнү Чыгыш-5 кичирайонундагы караоке-клубдун жанында болгону такталган. Окуя болгон жерге Кайгуул милициясы келип, эч кимди тапкан эмес. Бирок ага карабай текшерүү учурунда үйлөрдүн биринен таяк жеген 23 жаштагы К.И. аттуу бала аныкталган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин аркасы менен бир күндүн ичинде мушташка катышкандардын аты-жөнү белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, төмөндөгү жарандар тергөө кызматына жеткирилди:

— 2001-жылы туулган Р.Н., Жалал-Абад облусунун тургуну;

— 2000-жылы туулган Н.Р., Жалал-Абад облусунун тургуну;

— 2001-жылы туулган А.Б., Бишкек шаарынын тургуну;

— 2001-жылы туулган Б.Б., Бишкек шаарынын тургуну;

— 1998-жылы туулган Ж.Б., Нарын облусунун тургуну;

— 1997-жылы туулган У.К., Нарын облусунун тургуну;

— 2001-жылы туулган Э.Н., Жалал-Абад облсунун тургуну;

— 2001-жылы туулган Т.А., Жалал-Абад облусунун тургуну.

Учурда Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүргүзүп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0