200 миң доллар пара: прокурор Чалбаев менен Самаковдун балдарына өкүм чыкты

© AP Photo / Jessica HillСессия в Капитолии
Сессия в Капитолии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка катыштыгы барлардын арасында экс-депутат Карганбек Самаковдун эки уулу бар. Алардын бири пара берген деп айыпталып, экинчиси акталды.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын Соттогу өкүлчүлүктү жана мамлекеттик айыптоочуларды колдоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Улан Чалбаевди беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Соттук процесс 19-ноябрда жыйынтыкталды. Экс-прокурор өткөн жылдын 15-апрелинде 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган

Чалбаев Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренеси ("Кылмышты даярдоо") жана 327-беренеси ("Пара берүүгө ортомчулук кылуу") боюнча айыпталып беш жылга кесилди. Жаза мөөнөтү 2018-жылдын 21-апрелинен тарта эсептеле баштайт. Мыйзам боюнча анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күнгө барабар болуп саналат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулу жазасын каерде өтөй турганын айтты
Соттолгондордун арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков бар. Ал 314-берене ("Пара берүү") боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Ал эми экинчи уулу Жаныбек Самаков ушул эле берене менен күнөөсүз деп аныкталды. Ага байланыштуу иштен кылмыштын курамы табылган эмес.

Дагы бир соттолуучу Айнура Кайнаева 313-берененин 2-бөлүгү ("Пара берүүгө ортомчулук кылуу") менен айыпталып, 100 миң сомдук айып пул төлөмөр болду.

Ал эми Эрлан Кыдыралиев менен Максат Тукинов 348-берене ("Кылмышты жашыруу") боюнча күнөөлүү деп табылып, экөө тең 220 миң сомдук айыпка жыгылды.

Соттун чечими менен УКМКда далил катары сакталып турган каражат мамлекеттин киреше булагына өткөрүп берилет. Деген менен буга чейин парага берилген 200 миң доллар УКМКнын сейфинен жоголуп кеткенин айрым ЖМКлар жазган. Бирок атайын кызмат бул маалыматты четке какты

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0