Чыңырган өспүрүм. Бишкекте айдоочу эки баланы койдуруп кетти. Видео

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЗа выезд за стоп-линию будут штрафовать
За выезд за стоп-линию будут штрафовать - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар кырсык болгон учурда жөө кишилер өтүүчү жерде бараткан. Жабырланган 13 жана 14 жаштагы өспүрүмдөр балдардын шаардык тез жардам клиникасына жеткирилген.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Шота Руставели менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде кеч курун эки окуучу баланы автоунаа койдуруп кетти. Бул туурасындагы маалыматты социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн аккаунтуна жарыялады.

Анда жерде жаткан балдардын биринин эти ооруганынан улам чаңырып ыйлаганын көрүүгө болот. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от беспредел (@bezpredelkg)

Ал жерде автокырсыктын кайда болгону жазылган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспектору Sputnik агенттигине Honda Odyssey автоунаасы эки окуучуну сүзүп кеткендигин тастыктады. Балдар кырсык болгон учурда жөө кишилер өтүүчү жерде бараткан. Жабырланган 13 жана 14 жаштагы өспүрүмдөр балдардын шаардык тез жардам клиникасына жеткирилген.

Учурда чогултулган материалдар тергөө кызматына берилип, ал эми автоунаа атайын короо жайга токтотулганы айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0