Бычак ала чуркаганы видеого түшкөн киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

© Sputnik / Медиабанкка өтүүПродление ареста обвиняемым по делу о теракте в метро Санкт-Петербурга
Продление ареста обвиняемым по делу о теракте в метро Санкт-Петербурга - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек киши №2 троллейбустун жүргүнчүлөрүнө кол салууга аракет кылган. Бирок айдоочу транспортту токтотуп, милиция чакырууга жетишкен.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда бычак көтөрүп кармалган киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу шаар милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда Логвиненко көчөсү менен кубалашып бараткан эки кишинин видеосу тараган. Жолдон өтүп, экинчиси качып бараткан адамга жетип, жерге жыгылткандан кийин аларга милиционер жетип келет. Качкан киши бычак шилтеп, кутулуп кетет.

Элге бычак шилтеди... Светлана өзү айдаган троллейбустагы окуяны айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Элге бычак шилтеди... Светлана өзү айдаган троллейбустагы окуяны айтып берди. Видео
Ак үйдүн жанынан ал кайра кармалып, милиционерлер колуна кишен салып, кызматтык унаасы менен алып кетишкен.

Кийинчерээк эркек кишинин №2 троллейбуста келе жатып, жүргүнчүлөргө кол салууга аракет кылганы белгилүү болгон. Айдоочу транспортту токтотуп, милиция чакырууга жетишкен.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы качкан адамдын артынан кубалагандар Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери экенин билдирип, кармоого ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев катышканын кошумчалады. Мындан тышкары, бычактан бир кызматкеринин жаракат алганы аныкталган.

Аталган факт Кылмыш-жаза колексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган адамдын психикалык саламаттыгы текшерилип жатканы дайын болду.

Ошол эле күнү жергиликтүү ЖМКлар Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчисине таянуу менен кол салууга аракет кылган адамдын психикалык абалы жайында эмес экенин жазган.

Ал эми эрежеге ылайык, психикасы жабыркаган, инфекциялык ооруларга кабылган жана тез арада медициналык жардамга муктаж бейтаптарды убактылуу кармоочу жайга киргизүүгө болбойт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0