Боз үйдө ыйлап отурганда алып кетишти. Ошто күйөөсүн өлтүрдү делип аялы кармалды

© AFP / JOHN MOORE / GETTY IMAGES NORTH AMERICAУчебный сценарий в Академии пограничного патруля в Артезии
Учебный сценарий в Академии пограничного патруля в Артезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери шектүү келинди Алай районунда күйөөсүн акыркы сапарга узатып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Учурда шектүү келин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ОШ, 21-ноя. — Sputnik. Ош шаарындагы батирлердин биринен 46 жаштагы күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүрүүгө шектелип, келинчеги кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады. 

© Фото / Пресс-служба УВД города ОшОш шаарындагы батирлердин биринде 46 жаштагы күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүрүүгө шектелип келинчеги кармалды
Боз үйдө ыйлап отурганда алып кетишти. Ошто күйөөсүн өлтүрдү делип аялы кармалды - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы батирлердин биринде 46 жаштагы күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүрүүгө шектелип келинчеги кармалды

Билдирүүгө ылайык, окуя 19-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30дар чамасында калаадагы көп кабаттуу үйдүн батиринде болгон.

"Күйөөсү үйүнө келип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы аны арматура менен башка үч ирет чапкан. Андан соң кошунасын чакырып, өз кылмышын жашыруу максатында "сырттан ушундай абалда жараат алып келип жатып калды" деп айткан. Эс-учун жоготкон күйөөсү шаардык ооруканада өзүнө келбей каза болгон", — деди Тавакалов көрсөтмөгө таянуу менен.

20-ноябрь күнү шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери шектүү келинди Алай районунда күйөөсүн акыркы сапарга узатып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн. Учурда шектүү келин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал күйөөсүн арматура менен башка чапкандыгын моюнуна алып, көрсөтмө берген.

Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Чогуу ичип отурган өгөй энесин бычактаган уул. Оштогу окуя боюнча өкүм чыкты
Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, маркум менен жубайы буга чейин пикир келишпестиктен улам чырдашып келишкен.

Учурда тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун белгилерине ылайык, сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Далил буюму катары узундугу 97 сантиметр, диаметри 12 миллиметр болгон арматура алынды.

Маркум калаада маршруттук такси айдап жан багып келген. Жубайлардын ортосунда эки кыз бар. Ал эми маркумдун биринчи никесинен да эки баласы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0