Чүйдө жеңил автоунаа трактор менен кагышып, бир адам көз жумду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТрактор. Архив
Трактор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Күн-Туу унаа жолунун алтынчы чакырымында батышты көздөй бара жаткан Volkswagen Passat автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, алдыдагы трактордун прицебине урунган.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Сокулук районунун Күн-Туу айылына жакын жерде жеңил автоунаа трактордун прицебине урунуп, бир адам көз жумду. Кырсык тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, үч жабырлануучуну ооруканага окуя болгон жердеги кишилер өздөрүнүн машинасына салып алып кетишкен.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, бул кырсыкта жабыркаган үч адамдын бирөө жолдо көз жумган, калган эки адам Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. 

“Кырсыктан үч адам жабыркап, бирөө ооруканага жетпей үзүлгөн. Экөө учурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды. Биринин абалы оор, башынан жаракат алып жандандыруу бөлүмүндө. Экинчисинин абалы туруктуу, палатада”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

За выезд за стоп-линию будут штрафовать - Sputnik Кыргызстан
Чыңырган өспүрүм. Бишкекте айдоочу эки баланы койдуруп кетти. Видео
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык бүгүн, 21-ноябрь күнү, саат 21.00дөр чамасында болгон.

“Бишкек — Күн-Туу унаа жолунун алтынчы чакырымында батышты көздөй бара жаткан Volkswagen Passat автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, алдыдагы трактордун прицебине урунган”, —деп айтылат маалыматта.

Башкармалыктан учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатканын, кошумча маалымат берилерин билдиришти.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0