Беловодскиде үй өрттөнүп, 89 жаштагы абышка каза болду

© Фото / пресс-служба МЧСӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комсомол көчөсүндөгү аянты 40 чарчы метр болгон үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Учурда кырсыктын себептери такталууда.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Москва районунун Беловодск айылында турак үй күйүп, ичинде 89 жаштагы үй ээси каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

21-ноябрь күнү Комсомол көчөсүндөгү аянты 40 чарчы метр болгон үй толугу менен өрттөнүп кеткен.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0