Кырсыктан кийин сөөктү алып чыгууга барган куткаруучуларды унаа коюп кетти

Жазылуу
Окуя 21-ноябрь күнү, Бишкек — Ош унаа жолунун 191-чакырымында (Жайыл районунда) болду. Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү авто жол жээгинде токтоп турган фураны сүзгөн.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Суусамыр өрөөнүндө бус жүк ташуучу унааны сүзүп, жыйынтыгында бир эркек каза болуп, дагы төртөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык 21-ноябрь күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 191-чакырымында (Жайыл районунда) болду. Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү авто жол жээгинде токтоп турган фураны түзгөн.

Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу ошол жерден жан берип, экинчи машинанын айдоочусу жаракат алган.

"Сөөктү автоунаадан алып чыгуу үчүн жерине алты куткаруучу келген. Алар иштеп жатканда өтүп бараткан Lexus ӨКМдин автоунаасын артынан сүзүп, ордунан жылып кеткен атайын машина үч куткаруучуну каккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0