Окуучу. Архив

Токтогулда 1-класстын окуучусу ырайымсыз сабалган. Өспүрүм шектелүүдө

1245
(жаңыланган 13:07 23.11.2019)
Жабырланган баланын атасынын айтымында, уулу Торкендеги мектепте катуу токмоктолгон. Окуучу дарылатуу үчүн Бишкекке жеткирилген.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Токтогул районунун Торкен айылында 1-класстын окуучусу сабалган, бала учурда Бишкекте ооруканада жатат. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев билдирди.

"Жабырланган баланын атасынын айтымына караганда, уулу 15-ноябрда Торкенде токмоктолгон. Окуучуну Бишкекке ооруканага жеткиришип, андан соң Октябрь райондук милициясына уулунун сабалганы боюнча арыз жазган", — деди Жээнтаев.

Арыз катталгандан кийин аны Токтогул районуна жөнөтүшкөн. Учурда ал Жоруктар кодексинин 65-беренесинин ("Уруп-сабоо") негизинде Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жээнтаев арызда баланы урду деп айтылган 8-класстын окуучусу аталган мектепте окуй турганын, учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

1245
Белгилер:
өспүрүм, сабоо, окуучу, Токтогул району, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектеги массалык мушташ: милиция дагы сегиз баланы аныктады