ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Бишкекте ресторандын аймагынан өрт чыкты. Видео

429
(жаңыланган 15:36 24.11.2019)
Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү бир машина чыгып кеткен. Өрттүн видеосун күбөлөр Telegram каналы аркылуу жарыялашты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте "Ала-Тоо" ресторанынын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр Telegram каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасына жазып, видеосун жүктөшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, аларга Малдыбаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ресторандын аймагында коюу түтүн чыгып жатканы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге саат 14:08де өрт өчүрүүчү бир машина чыгып кеткен.

Куткаруучулар жерине барганда өрт таштандыдан чыкканы белгилүү болгон. Саат 14:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн.

429
Белгилер:
ӨКМ, "Ала-Тоо" аянты, Өрт, Бишкек
Тема боюнча
Прокуратура: жарылуу болгон тез татым жайына газ жабдуусу мыйзамсыз коюлган