Кара-Балтадагы түндөгү жол кырсыктан алтынчы адам көз жумду

Кара-Балтадагы түндөгү жол кырсыктан бешинчи адам көз жумду

15070
(жаңыланган 16:22 27.11.2019)
Ооруканага жеткен жарадарлардын бирөө Жайыл райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканда көз жумган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Түндө Бишкек — Ош жолундагы төрт адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыгынан жарадар болгон дагы бир адам көз жумду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Эске салсак, 25-ноябрда саат 00:20лар чамасында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагындагы жолдун Токойлуу деп аталган жеринде Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Stepwgn кагышкан

Последствия ДТП  автомобилей Mercedes Sprinter и Honda Stepwgn на 163-м километре трассы Бишкек — Ош в Жайыльском районе.  24 ноября 2019 года
© Фото / Пресс-служба УОБДД Чуйской области
Түндө Бишкек — Ош жолундагы беш адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыгынан жарадар болгон дагы бир адам көз жумду

Буга чейин кырсыктан төрт адам мерт болду деп маалымат берилген. 

Ооруканага жеткен жарадарлардын бирөө Жайыл районундагы оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканда көз жумган. Түнкү кырсык ал адамды кошкондо беш кишинин өмүрүн алды.

Министрликтен учурда үч жаран ар кыл сыныктар менен жаткандыгын, ал эми төртөө дарыгерлердин текшерүүсүнөн соң үйүнө жиберилгендигин кошумчалашты.

15070
Белгилер:
өлүм, адам, жол кырсык, Жайыл району, Панфилов району, Кыргызстан
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (265)
Тема боюнча
Түндө Чүйдө жол кырсыгы болуп, үч аял менен бир бала каза болду
Карагандада жол кырсыгынан кыргызстандыктар жабыркады