Уулуна бычак сайып жиберген ата эркинен ажыратылды. Соттук чечим

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина с ножом в руке. Иллюстративное фото
Мужчина с ножом в руке. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фемида өкүлдөрү ишти карап чыгып үч баланын атасын беш жылга темир тор артында калтырып, 70 миң сом айып пул салды.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. 45 жаштагы эркек киши баласын бычак менен сайып жиберип, беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланды.

Өкүмгө ылайык, Ош шаарынын тургуну үйүнө мас болуп келген. Натыйжада уулу менен уруша кетип, аны төшкө бычак менен сайып жиберген. Баласы оор жаракат алып, ооруканага жеткирилип аман калган.

Соттук отурумда айыпталуучу кылганын моюндап, ичимдиктен алыс болууга аракет кылаарын айткан.

"Үйгө мас болуп келсем балам мени урушуп туруп алды. Ошондо ачуум келип плитканын үстүндө турган бычак менен шилтеп жибергем. Мен баламдын ден соолугуна зыян келтирейин деген оюм жок болчу. Балам мени кечирди, мындан кийин арак ичпейм, жазамды жеңилдетип берүүңүздөрдү өтүнөм", — деп көрсөтмө берген.

Ал эми жабырлануучу атасынын арактан башы чыкпай, көптөн бери тынч жашатпай келгенин билдирген.

Фемида өкүлдөрү үч баланын атасын беш жылга темир тор артында калтырып, 70 миң сом айып пул салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0