БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "ЭкоИсламикБанкынын" тонолгон филиалынын сүрөттөрүн салды.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 8:47лер чамасында бет кап кийген белгисиз эки киши Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктын филиалына курал менен кирип келишкен. Алар жеке күзөт кызматынын күзөтчүсүн сабап, кассадагы акчаны алып кетишкен.
Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдары күзөтчүнүн "Кумай Секьюрити" агенттигинде иштеген адам болгонун айтышты. Ал сыртка тамеки алуу үчүн чыгып, кайра дааратканага кирген. Бул учурда эки бейтааныш киши кирип келип, аны дааратканадан сабап, тапанча менен кассирди коркутушкан. Шектүүлөр негизги эшик менен кирип, арткы эшик аркылуу чыгып кеткен.Алдын ала маалымат боюнча, миллион сомдон ашуун каражат алып кетишкен.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ташкент шаарындагы "Шовотландия" кафесине өрт коюуга шектелген адам кармалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Чилензарск районундагы кафеден чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 27-февралда түнкү саат 3:51лер чамасында түшкөн. Жалын саат 4:37де чектөөгө алынган. Кийинчерээк шаардык милиция башкармалыгы кырсык болгон жерден беш студент ууланып каза болгонун кабарлаган.
Милиция Самарканд облусуна караштуу Тайлак районунун тургуну, мурда соттолгон жаран атайылап өрт коюушу мүмкүн деп эсептеп жатат.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, ал 27-февралда саат 3:30да Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен кафеге келип, дубалына белгисиз суюктук чачкан. Андан соң ичине дагы бир идиштеги суюктукту ыргытып күйгүзүп жиберген. Шектүү өрт тутанганча карап туруп, анан качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча "Атайылап жок кылуу жана мүлктү зыянга учуратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнү Ташкент прокуратурасы жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.
"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
Райондук администрация башчылары — акимдерди аттестациялоо ушул жылдын 9-мартынан башталат. Аталган күнү биринчи туру өтүп, анда тестирлөө жүргүзүлсө, 10-11-март күндөрү экинчи турунда маектешүү болот. Бул тууралуу Мыктыбек Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган аттестацияны жүргүзүү үчүн 11 мамлекеттик кызматкерден турган комиссия түзүлөт.
"Акимдерди аттестациялоодо алардын эки орун басары да катышат. Орун басарларга өздөрү тейлеген тармак боюнча суроолор берилсе, райондук администрация жетекчилерине жалпы суроолор узатылат. Максаты — учурда иштеп жаткан акимдердин аркалаган кызматына дарамети жетерин аныктоо. Аларды аттестациядан өткөрүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, эки эл өкүлү, өкмөт аппаратынан жана тиешелүү министрликтин орун басары рангынан төмөн эмес адамдардан турган комиссия түзүлөт. Комиссия мүчөлөрү жалпы 11 кишиден турат. Муну менен катар эле район жетекчилери жана орун басарлыгына аймактык кадр резервин түзүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин конкурс жүргүзүлөт. Аймактык кадр резервиндеги адистер бошоп калган региондорго барып иштей беришет", — деди Өмүрзаков.
Ал аттестацияда акимдердин билим деңгээли, тил билүүсү да караларын кошумчалады.