Дагы бир аскер өз жанын кыйды. Бир ай ичиндеги үчүнчү окуя

© Sputnik / Табылды КадырбековВоенная обязанность граждан КР
Военная обязанность граждан КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгон аскерге айдын эң мыкты жоокери катары 10 күндүк өргүү берилип, үйүнөн аскер бөлүмүнө 26-ноябрь күнү кайтып келгени айтылды.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад обулусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө ыкчам кызмат өтөп жаткан 22 жаштагы жоокер өз жанын кыйды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн жөө аскерлеринин маалымат кызматы билдирди.

Сөөк 27-ноябрь күнү эртең мененки саат 8.00дө автоунаа паркынын аймагынан табылды.

"Ага айдын эң мыкты жоокери катары 10 күндүк өргүү берилип, үйүнөн аскер бөлүмүнө 26-ноябрь күнү кайтып келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абакта ток уруп мертинди делген жоокердин өлүмү боюнча жаңы версиялар айтылууда
Учурда өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн ички иликтөө жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад гарнизондук аскер прокуратуратурасы  аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Эске салсак, ай башынан бери бул аскер кызматкеринин өз өмүрүнө кол салган үчүнчү учуру. Алгач Кой-Таш айылындагы аскер бөлүмүнүн жатаканасынан майордун сөөгү табылган. Андан соң Ош облусунда келишим менен кызмат өтөгөн аскер өз жанын кыйган.

Жаңылыктар түрмөгү
0