Саймаитинин өлүмү: мурдагы консул Эркин Сопоков кармалды

© Photo / fsm.edu.trГенеральный консул КР в городе Стамбул Эркин Сопоков
Генеральный консул КР в городе Стамбул Эркин Сопоков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын иликтөөсүндө сөз болгон Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан Сопоковдун дипломатиялык номер тагылган унаасы табылган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков УКМК тарабынан кармалды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 22-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренесинин 1-бөлүмү жана 130-беренесинин 1-бөлүмүнүн ("Адам өлтүрүүгө аракет кылуу") негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган факты боюнча тергөө тобу сотко чейинки өндүрүштүк ишин баштаган.

Ал эми 2019-жылдын 28-ноябрында Эркин Сопоков УКМКга суракка чакырылган.

Тиешелүү тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Сопоков Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, Сопоковдун дипломатиялык номер тагылган унаасы Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан табылган.

Эркин Сопоковду комплекстүү текшерүү иш-аракеттеринин жыйынтыгында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери УКМКнын тергөө башкармалыгына жиберилген:

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча катталган Эркин Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен "Лэнд Ровер – Рэндж Ровер" үлгүсүндөгү өздүк автоунаасын Айэркен Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы;

- Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2 пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча катталган Эркин Сопоковдун 200 000 доллар өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 миллион сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы;

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча катталган Эркин Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30 пайыз акча каражаттарын мыйзамсыз алуу фактысы. Анткени жубайы бул учурда Стамбул шаарында жашаган эмес. Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 доллар өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0