Маршрутка. Архивдик сүрөт

Бишкектин борборунда маршрутка кырсыктап, жети киши жабыркады

354
(жаңыланган 10:08 29.11.2019)
Үмөталиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 9:00дөр чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа маршрутка менен кагышкан.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкекте маршрутка кырсыктап, жети киши жаракат алганын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ага ылайык, Үмөталиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 9:00дөр чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа эл ташыган микроавтобус менен кагышкан. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кырсыгы болгонун ырастады.

"Stepwgn автоунаасынын 30 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып, маршрутка менен кагышкан. Жети киши жабыркап, жеринде Тез жардам кызматынын өкүлдөрү иштеп жатат. Бир аялдын бети канап, дагы алты киши ар кандай жаракаттарды алган. Жаракат алгандардын арасында балдар жок", — деп милициядан кабарлашты.

Эгер кандайдыр бир окуяларга туш болуп калсаңыз, +996 706 566 544 номери аркылуу WhatsApp менен Telegram каналдарына сүрөт, видео салсаңыз болот.

354
Белгилер:
маршрутка, жол кырсыгы, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (265)
Тема боюнча
Кыргызстандын жол кырсыгы көп болгон аймактары. Жүрөк ооруткан графика