Болгон күчтү жумшагыла! Абылгазиев Кумтөрдө жоголгон эки киши боюнча үн катты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниянын эки кызматкери бүгүн таңдан бери жок. Алдын ала маалымат боюнча, алардын жер көчкү алдында калганы айтылууда.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенинде дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө үчүн бардык күч-аракетти жумшоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, түнкү сменде иштеген эки жумушчунун көчкү алдында калганы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен тараган. "Кумтөр" компаниясынан издөө иштери жүрүп жатканы белгиленген.

“Учурда Кумтөр кенине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери чыгып кетти. Премьер-министр аларды издөө үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилери белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0